Ден-соолук

Ботокс- ден соолука канчалык зыяндуу?

Азыр Кыргызстандын ири шаарларынын баарында косметикалык жайлар бар. Кымбат салондордо жогорку адистигин далилдеген даарыгерлердин сертификат, дипломдорун заманбап дубалдарга илип коюшат. Адатта мындай жайларга ашыкча жарнаманын деле кажети жок. Кардарлар бири бирине айтып, кезек менен жазылып келгендер толтура. Андай жерлер шаардын ортосунда жайгашып, баардык жагынан ынгайлуу шарттары бар. Анан айтылуу Ош базарынын тегерегиндеги майда чүйдө каш, кирпик жасап, эриндерди, көздүн тегерегин чоңойтуп берген жайлар да бар. Баардыгы чөнтөгүңүзгө жараша кам көрөт. Мындай жайлардын санитардык абалына ишенүү кыйын. Сизге пластикалык операция жасай турган даарыгердин адистиги  барбы жокбу ал да күмөн. 

Эми ботокс деген эмне ? Кандай жасалат ошол жөнүндө кеп куралы. Голливуд жылдыздары жасаган ботоксту азыр биздин коңшу өлкөлөрдүн президенттеринен тартып белгилүү артисттерген чейин жасатканын байкап жүргөн болсоңуз керек? Ботокс- медицина тили менен айтканда ботулиникалык токсин деп айтылат. Денеге бир аз эле ашыкча жайылса киши жашоо менен дароо кош айтышат. Адамдын денесинде белоктор булчуңдардын эркин кыймылдашы үчүн жооп берет. Ал нерв системасы аркылуу түз байланышта. Ботокс бетке сайылганда нерв тамырлардын иштешине бөгөт коюлуп, бырыш түшпөй, күлүү, жылмайыуу билинбейт. Эмоцияңыз аз байкалат же жаныгыздагыларга такыр сезилбейт. Албетте мындай эффект убактылуу. Тилеке каршы. Биринчиден бул оор пластикалык хирургиянын түрүнө кирет, экинчиден көбу ойлогондой иньекция киргенден тартып эле дароо эффект көрүнбөйт. Убакыт керек. Ал ар кимдин организмине байланыштуу башталат. Албетте ботокстун ченемине жараша да болот. Жарым жылдан кийин доктурга көрүнүп кайра алып туруу зарыл, себеби нерв тамырларыңыз четинен жарактан чыга баштайт.  Анын үстүнө көпчүлүк ойлогондой бул бир жолку эле аракет эмес . Анткени менен ботокстин пайдалуу дагы жактары бар. Аны айта кетүү абзел. Ботулиникалык токсинди колдонуу акыркы 10 жылда көбөйдү. Дүйнө жүзүндө колдонуп, беттеги бырыштарды кетирүүдө, ал гана эмес мигрень сыяктуу арылбас дартты айыктыруу да колдонуп келишет. Ботокс баштын жана моюндун булчуңдарына куюлат, соңунда ал жерлерде оору токтоп, булчуңдарга кандын айланышы тездейт. Бирок бизде азырынча өнөкөт дартка эмес пластикалык операцияга гана колдонуу тараган.

 2011- жылдан тартып Германияда ботоксту өнөкөт ооруларга колдонуу чечими чыккан. Мындан тышкары кыйшык көзгө да даба катары колдонуу кеңири башталган. Суйуктук көздүн карегине куйулат да чуңкурча түздөлөт. Бирок бул учурда бет, жаак булчуңдарга доо кетпегендей жасалышы керек, ошол себептүү адисттиги жогору  пластикалык хирургдарга гана баруу зарыл. Ботулиникалык токсин туура эмес колдонгондо беттин кызарышы, шишик тартышы, көгөрөшү башталат. Арзан, санитардык  нормаларды сактабаган салондордо инфекция жуктуруп алуу коркунучу да бар. Андай учур жакында эле Бишкек шаарында катталып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Туура эмес колдонгон учурда ботулизм башталып кетиши ыктымал. Анын алгачкы белгилери көрүүнүн начарлашы, сүйлөө бузулат, тамакты жутуу оорлойт. Ошол себертен ботоксту сайдыруунун алдында туура жана так, толук маалымат алып, суроолорду уялбай берип, бир нече даарыгердин оюн угуу керек. Албетте мындай ишти дасыккан, тажрыйбасы мол адис өткөрүүсү зарыл. Кардардын тигил же бул дарыга аллергиясы барбы же жокбу ал да кылдат текшерилиши чоң мааниге ээ. Алдын ала келишим түзүлүп, ботокс сайдырганга чейин жана андан кийинки учур так жазылып, даарыгердин ролу, сайылуучу дары дармек, кароо сыяктуу суроолор жоопсуз калбашы керек.

Каныкей Казиева