Ден-соолук

Шеллак зыянбы?

Шеллактын күйөрмандары ультрофиолет нурларынын канчалык денгээлде зыяндыгы бар экендигин билбеши мүмкүн. Лакты кургатуудагы колдонгон нурлар коркунучтуу илдеттин башталышынын себеби болушу ыктымал. Андан баш тартуу оор болсо да,  тобокелдикти азайтууну  билип алыңыз. Биринчиден шеллак лакка салыштырмалуу узагыраак мөөнөткө сакталат. Бир ай өңү өчүп  же сынып калат деп кооптонбой жүрө берсеңиз болот. Андан  ары оңдоп, түздөп дагы бир аз жүрсөңүз болот. Болгону өзүңүздүн тармактардын четтери өсүп, ынгайсыздык жаратат. Мындай кооздукту салондо эле жасабасаңыз үйдө бир аз опурталдуу жана убакытты алат. Тырмактын үстүнө гел коюлуп, ал түздөлөт. Суюктун коюлган сайын ал ультрофиолет нуру менен кургатылып турат. Катуулай баштаган сайын тырмак менен шеллактын ортосу бекемдейт. Андан соң үстүнө түс берилет. Ушундай оор жол менен жасалган шеллакты чечүү мындан да оор. Ал үчүн кайра эле салонго баруу керек. Бирок кээде айымдар эринип өздөрү сыйрып салган учурлар кездешет. Ацетон менен кадимки лакты оңой кетирсеңиз, шеллака мындай ыкманы колдонуу мүмкүн эмес. Ал үчүн атайын эритме керек. Лактан айырмасы шеллактын жыты жана аллергияны козгоочу элементтер жок. Анын үстүнө тырмак өскөн сайын бузулган жактары акыры жок болуп тырмактын пластинасына зыян келтирбейт. Бир эки ай шеллак жок жүрсөңүз кайра мурдаакы тырмагыңыз өсүп чыга берет. Бирок кептин баары шеллак коюлгандагы кургатуучу чырак күмөн жаратат. Адистер айткандай кургатуучу нурлар ден соолука зыян келтириши ыктымал. Рак илдетин изилдеген америкалык адистер кургатуучу нурларды көп колдонгондор теринин рак илдетине кабылышы мумкун деп кооптонушат. Ал эми кеңеш катары тармактарды бат баттан эс алтууну сунушташат. 1-2 ай тыныгуу зарыл. Анын үстүнө ультофиолет нурду эмес, LED чырагын колдогон салондорго баруу керек.