Жаңылыктар

Кышкы салаттардан уулангандар көбөйдү

Кыш маалы келээри менен үй шартында даярдалган салаттардан уулангандар көбөйдү. Көбүнчө туура эмес жасалган же ачылып, туруп калган кышкы консервалар ботулизмдин чыгышына себеп. Кесепети кейиштүү. Ич ооруп, жүрөк айланып, диарея башталганда дароо доктурга кайрылуу зарыл. Кечигип кайрылган бейтаптарды айыктыруу оорго туруп, кээде кейиштүү статитистиканы толуктап калышы мүмкүн.
Ноокат районуна карашатуу Жаңы -Ноокат айыл аймагынан бир адам ууланып, ооруканага түшкөн- бул тууралуу Азаттык билдирген. 5- январда 20 жаштагы келин өзүн жаман сезип, дароо кайрылган, даарыгерлер ботулизм диагнозун аныкташкан. Бейтаптын абалы орточо, калган үй бүлөө мүчөлөрү да адистердин көзөмөлүндө. Адатта консервацияланган салаттарды жеген башка адамдар да дароо доктурлар тарабынан текшерүүдөн өтүшөт.
Ал эми статистикага таянсак, акыпкы 10 ай ичинде 100 ушундай окуя катталган. Алардын ичинен 25 кишиге ботулизм диагнозу коюлган. Жалпысынан 437 адам жабыркаган.

К.К