Тырмакка туура кам көрүү
Тырмак, чачка кам көрүү аял заты үчүн маанилүү. Назик колдор саламдашканда дароо билинет да, анын ээси ден соолугуна керектүү деңгээлде көңүл бураары байкалат. Кургак, бырыш колдор жана өңү өчүп, куудурап кургак тартып турган чач да дароо көзгө урунат. Албетте азыр сулуулук салондор көп эпеспи, сизге туура кеңешин берип, жасалгалап берүү анчейин деле маселе эмес. Анын үстүнө интернеттен үй шартында кам көрүү боюнча да толгон токой кеп кеңештер бар. Жөнөкөй, колуңузда бар азыктардан тырмакты бекемдеп, чачты жылтылдатып алса болот. Ал үчүн сиз кымбат салондорго барып, көп каражатыңызды жумшабай, үнөмдөсөңүз болот.
Мисалы, тырмагыңыз саргыч тартып турса аны кадимки ашканадагы лимонду алып, ширесин сыгып, тырмака сүйкөсөңүз агарып, сынбай, бекемдей баштайт. Албетте, тырмак эмнеден борпоң болуп бат сынат ошону билүү маанилүү. Сиздин организмде кальций жетишсиздиги тырмак менен чачка терс таасирин тийгизет. Андыктан кальций бар тамак аш менен тамактанып же даарыканадан кальций таап, бир дарылоо курсун алуу керек. Кальций бар тамак аштарга курма, жаңгак, кургатылган өрүк жана балыктын бүт түрү кирет. Мындан тышкары лакты кетирүүчү ацетон дагы тырмакты кургатып жиберет. Тырмак кургап, катмар катмар болуп сынып, ынгайсыздык жаратат. Лакты да бат баттан колдонсоңуз бузулушу дароо көзгө урунат. Бир жума лак менен жүрсөңүз калган 2-3 күн тырмакты эс алтуу керек. Андай күндөрү колуңузга крем сүйкөп, тырмакты бекемдөөчү масканы жасаңыз.Йод да табыгий жардамчы. Жылуу сууга туз менен йод аралаштырып, 20 мүнөт колуңузду кармасаңыз тырмак бат өсүп, бекеймдейт. Албетте колдон келсе күнүгө кечинде колуңузга крем сүйкөп, жеңил массаж жасоону адатка айлантып алсаңыз назик, сулуу колдун ээси бойдон кала бересиз.
Каныкей Казиева