Дүйнɵдɵ Жаңылыктар

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кытай түрк элчисине уйгур аймагына баруусуна уруксат бербей койгонун тастыктады

Түркиянын борбор шаары Анкарада жыл жыйынтыгы боюнча брифинг өткөргөн Чавушоглу, Кытай өкмөтү «Түркиядан гуманитардык делегация келип, Шинжаңды көрө алат деп айтты. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин муну сунуштаганына беш жыл болду. Эмне үчүн бул делегацияны беш жылдан бери тоскоол кылып жатасыңар, эмнеге кызматташпай жатасыңар?», – деп айтылат маалыматта.

Кабарда Чавушоглунун :

«Түрк уйгур маселесине карата Пекин биздин мамилебизден тынчсыздангандыктан түрк-кытай карым-катнаштары бузулду. Алардын Түркияда туруктуу жашаган биздин жарандарды экстрадициялоо өтүнүчү бар. Ошондуктан биз мындай талаптарды аткарбайбыз”.

Түркиянын тышкы иштер министри БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши уйгурлар боюнча 48 барактан турган баяндамасында Шинжаңдагы массалык камоолор кыйноо, сексуалдык зомбулук, мажбурлап иштетүү, мажбурлап бойдон алдыруу жана стерилизациялоо менен коштолгондугун белгиледи.
«Баяндама Кытайдын Шинжаң аймагында болуп жаткан адам укуктарынын бардык түрлөрүн ашкерелеген. Буга жооп беришибиз керек»,-деди Чавушоглу. Чавушоглу Түркиянын Кытайдагы элчисинин уйгур түрктөрү жашаган аймакка ээн-эркин баруусуна уруксат берүүнүн ордуна, Пекин анын «алар берген программаны» аткарышын каалап жатканын айтты.

Тышкы иштер министри Түркиянын Кытай менен ачык-айкын кызматташууну каалай турганын айтты. «Эмне үчүн биз кытай пропагандасынын куралы болушубуз керек? Биз кызматташууну каалайбыз, муну саясий маселе катары көрбөйбүз. Биз таптакыр кытайга каршы эмеспиз. Биз ар дайым бир Кытай саясатын колдой турганыбызды айтып келебиз», – деди ал.
ETGE уюму уйгурларды камакка алуу жана депортациялоону токтотууга жана бул маследе Кытай менен кызматташууну токтотууга чакырды.

ETGE – Уйгурлар, Казактар жана башка Чыгыш Түркстандыктар тарабынан түзүлгөн жана башка кеңсе Вашингтондо жайгашкан парламентарий, демократиялык жол менен шайланган расмий орган. Бул орган Чыгыш Туркстан элинин эл аралык аренада өкүлү.