Маданият

Венгриянын Бишкектеги элчилигинде сүрөтчү Сыдыгалы кызы Аруукенин “Менин палитрам” аттуу көргөзмөсү ачылды.

Иш-чараны Венгриянын элчиси Дороги Шандор жана Эл аралык сүрөтчүлөр союзунун ассоциациясынын биринчи вице-президенти Таалайбек Усубалиев ачышты.

 Көргөзмөнүн ачылышына дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлери, республиканын көркөм окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери катышты.

Дороги Шандор мырза өз сөзүндө искусство башка өлкөнүн маданиятына сүңгүп, аны ичинен сезүүгө мүмкүндүк берген универсалдуу баарлашуу тили экенин белгиледи.

 Сыдыгалы кызы Арууке өзүнүн эксперименталдык маанайынан тышкары салттуу жанрдагы сүрөттөрдү, натюрмортторду жараткан кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жаш муунунун өкүлү.

 Эл аралык сүрөтчүлөр союзунун ассоциациясынын биринчи вице-президенти Таалайбек Усубалиевдин “Оймедиага” буларды билдирди:

Ал азыркы муундун жаш өкүлү, таланттуу. Көп долбоордо чогуу иштеп калдык. Баткенге да барып келди. Биздин союзга мүчө болуп кирген. Анан жаш кыздар турмуш куруп таштап кетет көбү. Ошол нерсе көйгөй бар. Анан өзү менен сүйлөшүп, сен абдан таланттуусуң, чеберчилигиңди таштабай, улантып кетишиң керек деп айттым. Бирок буйруса жолдошу колдойт деп ишенем. Кудай берген талантын андан ары улантат деп ишенем. Сюреализм боюнча да эки долбоорго катышкан. Өзү баарызга жагат.

Каныкей Казиева