Маданият

“Аалам сулуусу” сынагына катышкан кыргыз кызы аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы пикирин билдирди

Алтынай Ботоярова 18 жашта. Ал дизайнердик кесипти окуп, модель болуп иштейт. Сулуулар сынагында ал өзүнүн кийимин зордук-зомбулукка каршы күрөшкө арнаган. Социалдык тармактарга сынактын катышуучусу өзүнүн кийиминин сүрөтүн жарыялап, мындай деп жазган:

«ЗОМБУЛУК КЫЛГАН АДАМДАР МЫКААЧЫ, АДАМКЕРЧИЛИКСИЗ, КАТААЛ КИШИЛЕР. СЕБЕБИ НОРМАЛДУУ, АДЕКВАТТУУ АДАМ ЭЧ КАЧАН АЛСЫЗ ЖАНА КОРГООСУ ЖОК БАЛАГА, БАЛДАРДЫН ЭНЕСИНЕ ЖЕ ЖӨН ЭЛЕ АЯЛГА КӨТӨРБӨЙТ”