Кашкороева Лунара- Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик педогогикалык институтунун КөркөмГрафика факультетинин, Көркөм искусство, чийүү жана эмгек адистигин 1992-жылы аяктап, ошол жылдан бери мугалим болуп иштейт. 1997- жылдын январь айынан бери, Каракол шаарындагы Ысык- Көл областтык Т. Сатылганов атындагы мектеп- лицей интернатында Көркөм өнөр жана технология мугалими болуп эмгектенет.
– Лунара, саймачылык жашооңуздагы кандай пайда болгонун айтып берсениз?
Кол өнөрчүлүк менен алектенүү үчүн биринчиден каалоо, экинчиден кызыгуу, үчүнчүдөн шык керек деп ойлойм
-деп билдирди Лунара айым “Оймедиага”. Адамдар өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө жараша, ар кандай иштерди жасай алат эмеспи, мен да кичине кезимден бери кол өнөрчүлүккө кызыгып келем, себеби чон энем жасаган шырдактарын, тайэнем сайган саймаларды, токуган буюмдары, өзүмдүн апамдын кураган курактарын көрүп кызыгып, шыктанчуумун. Алардын колунан жасалган буюмдарды карап, суктана берчү элем.Кийинчерээк кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуумду ата- энем байкап, менин мугалим болушумду каалашкан. Студент кезимде, жиптерден ар кандай нерселерди буюмдарды токуучумун. Кийин мектепке мугалим болуп иштей баштаганда, окуучуларга кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн үйрөтүү керек болду. Ошондо кошумча атайы китептерди окуп, кол өнөрчүлөр менен таанышып, көргөзмөлөргө, конкурстарга катышып , билимимди өркүндөтүү үчүн атайы курстарга катыша баштадым. Бала чактагы кыялым четинен орундала баштады.
— Кийиз менен качан иштей баштадыңыз?
2000- жылдан бери нукура кийиз менен иштей баштадым. Кийиздин түрлөрүнөн ар кандай буюмдарды ойлоп таап, ишке ашырам. Эски саймаларды колдонуп кайра жанылап, иштеп буюм жасайм. Биздин колго жасалган табигый кийиздер жылуу, жумшак, женил жана адамдын ден- соолугуна өтө пайдалуу. Акыркы технологиядагы кол эмгектерди чет өлкөгө, Швейцария мамлекетине 2009- жылы, көргөзмөгө барганда, кызыгып үйрөнүп келгем. Ошондон бери жүн менен кийизге сайма сайып, ар кандай паннолорду жасап келем. Ал тоолуу өлкө болгондуктан койдун жүнүнөн буюмдарды жасаган уздар бар экен. Ошол көргөзмө мага кошумча мотивация берди.
– Окуучуларыңызга эмнени үйрөтөсүз?
Мен мугалим болгондуктан, окуучуларга үйрөтүү үчүн жасайм. Кийиз менен иштөө, мен үчүн эс алуу. Озүмө керектүү нерселерди колдонуу үчүн жасап алсам, калганын белек үчүн жасайм. Менин жасаган иштериме кызыккандар чет өлкөлүктөр жана өзүбүздүн эле жарандар. Ар кандай көргөзмөлөргө барганда көргөндөр кызыгып сатып алышат. Билгендер буюртма беришет. Айтор көңүлүмдү шыктанган окуучулар бир жагынан, экинчи жагынан кызыгып, эмгегиме баар берген кардарлар көтөрөт – деп сөзүн жыйынтыктады уз, педагог Лунара Кашкороева.
КАНЫКЕЙ КАЗИЕВА