Коом Экономика

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров: Жакынкы жылдары кыргызстандыктарды татыктуу пенсия менен камсыз кылуу маселесин чечишибиз керек- деп билдирди.

Акылбек Жапаров Социалдык фондду өнүктүрүү жана калкты пенсия менен камсыздандырууну кеңейтүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү.
 
 Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
 
 Жыйындын жүрүшүндө ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууну өнүктүрүү, пенсиялык системанын субъекттеринин ортосундагы мамилелердин жаңы моделдерине өтүү жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду колдоо чаралары боюнча милдеттер коюлду.
«Биз баардык жаштарыбызга пенсиялык топтоо маселеси алардын милдети экенин ачык, айкын айтып, аларга же Социалдык фонд менен иштөөнү же мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго барууну тандоо мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек, бирок биз пенсиялык камсыздандыруу менен баардык калкты камтуубуз керек, тигил же бул жол менен. Быйыл бул маселени чечишибиз керек”, – деди жыйындын жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
 
 Ал ошондой эле мамлекет бардык жарандарыбыздын татыктуу карылыгын камсыз кылууга милдеттүү экенин белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында Социалдык фондго, башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бир катар тапшырмалар берилди. Мисалы, мамлекеттик эмес пенсиялык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүү, жарандарды ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууга катышууга кызыктыруу. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго пенсиялык топтоолорду инвестициялоо аракеттерин кеңейтүү, ошондой эле кесиптик пенсиялык фонддорду өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды. Социалдык фондго топтоочу пенсиялык фонддор менен биргеликте калктын финансылык жана пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жарандар менен иштөөнү өнүктүрүү сунушталды.