Дүйнɵдɵ

Непалда бортунда 70тен ашуун адам болгон учак кулады.

Непалдын Покхара аэропортунда 72 адамы бар Yeti Airlines компаниясына таандык учак кулады.   Бул эски жана жаңы Покхара аэропортунун ортосунда болгон.  Yeti Airlines компаниясына таандык турбовинттүү жүргүнчү ташуучу ATR 72 Катмандудан Покхарага учуп кеткен.  Компания өкүлүнүн айтымында, учакта 68 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон.  Армиянын басма сөз катчысы Кришна Бхандари кийинчерээк кеминде 16 киши каза болгонун билдирди.  “Биз дагы жансыз денелерди табабыз деп күтүп жатабыз. Учак толугу менен майдаланып кетти”, – деди ал Reuters агенттигине.

Учуяла аэропорт жабык, куткаруу иштери жүрүп жатат.  Кырсыктын себептери иликтенип баштады. 

 Премьер-министр Пушпа Камал Дахал өкмөттүн чукул жыйынын чакырды.  Ал ИИМге, коопсуздук кызматкерлерине жана бардык мамлекеттик органдарга куткаруу иштерин натыйжалуу жүргүзүүнү тапшырды.