Дүйнɵдɵ

Кытайдын калкы 2022-жылы кескин кыскарган.

Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын статистикалык бюросунун маалыматына таянып билдирди.

 Кытайдын Мамлекеттик статистика бюросу тараткан маалыматка караганда, 2022-жылы Кытайдын калкынын саны 1 миллиард 411 миллион кишиге чейин кыскарды, бул 2021-жылдын аягына салыштырмалуу 850 миң адамга аз.

 Жергиликтүү маалымат каражаттары өлкөдө калктын азайышы 60 жылдан бери биринчи жолу болуп жатканын белгилешүүдө.

 «2022-жылдын акырына карата Кытайдын калкынын саны 1 миллиард 411 миллион 750 миң адамды түздү (Гонконгдун, Макао, Тайвандын тургундарын, ошондой эле чет элдиктерди кошпогондо), бул 2021-жылдын аягына салыштырмалуу 850 миңге аз»- деп айтылат департаменттин отчетунда.

 Маалым болгондой, өткөн жылы 9 миллион 560 миң жаран төрөлүп, ошол 1000 кишиге карата 6,77, каза болго. 10 миллион 410 миң, өлүм көрсөткүчү 1000 кишиге 7,37 болгон.