Маданият

Жазуучулар союзу проза, поэзия жанрында жана балдар адабияты боюнча жылдын мыкты китебин тандады.

Жазуучулар союзу проза, поэзия жанрында жана балдар адабияты боюнча жылдын мыкты китебин тандады. Атайын диплом жана статуэтка менен төмөнкү жеңүүчүлөр сыйланды.

1. Проза жанрында Топчугүл Шайдуллаеванын “Балакана” китеби;

2. Поэзия жанрында Кубат Оторбаевдин “Гүлдөр күтөт” китеби; 3. Балдар адабияты боюнча Байтемир Асаналиевдин “Балдан ширин балалык” китеби;

“Гүлдөр күтөт” китеби Жазуучулар Союзу тарабынан поэзия жанры боюнча “Жылдын мыкты китеби” сыйлыгына татыган, КТРдин мурдаакы башкы директору Кубат Оторбаев төмөнкүлөргө токтолду:

– Мен учурдан пайдаланып биз бала чакта ырларын “Байчечекей” баштаган журнал-гезиттерден окуп чоңойгон Байтемир Асаналиев агага жана соңку убакта мыкты аңгемелерди жазып келаткан Топчугүл Шайдуллаева эжекеге зор чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Нурлан Калыбеков башында турган Улутту Жазуучулар Союзуна ыраазычылык билдирем. Бул сыйлык мындан кийинки чыгармачылыгыма дем-күч, кошумча жоопкерчилик бермекчи- деп белгиледи Кубат Оторбаев.

Ошондой эле диплом менен статуэтканы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев тапшырып, өткөн жылы 400дөй ар турдүү жанрдагы китептер чыгыптыр, алардын үчтөн бири адабият жаатында экен. Калгандары мотивациялык, өмүр-баянга арналган жана диний багыттагы китептер- деген маалыматын берди. Китептердин баардыгы 2022- жылы чыккан. Албетте союз учуруна караганда, азыр китеп салыштырмалуу аз чыгат. 30 жыл мурда Кыргызстан китептин саны боюнча 4- орунда болуп, жыл сайын 1200-1300 китеп чыкчу.