Без рубрики

2023-жылдын 17-18-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «Санарип МЕД» Кыргыз Республикасынын санариптик саламаттыкты өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсесинин колдоосу менен 2023-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында иммунизациялоону санариптештирүү боюнча Жол картасынын аягына чыгышы боюнча кеңешме өткөрдү.

Жол картанын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын калкын иммунизациялоо чөйрөсүндө санариптик трансформация, Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшүндө вакциналарды сатып алууну пландаштыруудан баштап персоналдаштырылган эмдөө тууралуу маалыматтарды түзүүгө чейин кагаздан санарип технологияларга өтүү уюштурулат, ошондой эле натыйжалуу башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн аналитикалык куралдар менен камсыз кылуу ишке ашырылат.