Саясат

Азербайжан президенти Илхам Алиев Садыр Жапаровду өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Садыр Жапаровду өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Азербайжан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана сиздин бир тууган элиңизди маанилүү дата – Азербайжан менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм жана эң жакшы каалоолорумду билдирем.

Биздин өлкөлөрдү байланыштырган терең тарыхый, маданий жана руханий тамырлар бир тууган Кыргызстан менен достук жана кызматташтык мамилелерине өзгөчө маани берүүнүн маанилүү компоненттери болуп саналат.

Мындан отуз жыл мурда ушул бекем пайдубалга түптөлгөн, өзгөчө акыркы жылдары өсүп, стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жеткен мамлекеттер аралык мамилелер терең канааттануу сезимин жаратууда.