Илим

“Forbes” журналынын акыркы санында Курманжан датка тууралуу макала жарык көрдү

“Forbes” журналынын акыркы санында, Анна Мирочниктин Курманжан датка тууралуу, атчан аскерлерди башкарган Алай ханышасы тууралуу макаласы жарык көрдү. Макаланын кыскача вариантын биздин окурмандарга сунуштайбыз. Анна Мирочник- Алай кыргыздарынын башкаруучусу Курманжан- датканын өмүр баяны Орусияда көп белгилүү эмес. Бирок бул аял ислам дүйнөсүндө баш айланткан саясий карьера куруп, миңдеген атчан аскерлерди жетектеп, аскердик стратег жана кылдат дипломат катары жарк этти. 96 жашында ал атка минип, өзүн ушул куракта да эсептен чыгарганга жол берген эмес.

Куткаруу үмүтүн күтүү. 1895-жылдын 3- мартында Кыргызстандын Ош шаарында өлүм жазасына тартылгандардын биринин мойнуна дарганын арканы тартылган. Эл алдында жазалоо үчүн чогулгандардын деми кысылды – мындай кейиштүү окуя кээде -ырайым менен аяктаган учурлар тарыхта кездешкен. Асылууга даярдалып, алынып келинген кылмышкер «Алай ханышасы» Курманжандын сүйүктүү уулу, Камчыбек эле. Ал бажы кызматкери Боровковдун өлүмү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан өлүм жазасына кесилген. Уулун сактап калуу үчүн Курманжан саясий салмагы менен козголоң чыгарып, чөлкөмдү канга толтурушу мүмкүн – көптөгөн кыргыз уруулары «ак падышанын» келгин өкүлдөрүнө даярдуулук менен каршы чыгып, өз эрежелерин орнотмок. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда “Эл энеси” аталып жүргөн Камчыбектин апасы Курманжандын эрдигинин атагы дүйнөгө тарады. Анын аскердик көрөгөчтүк стратегиясы, дипломатиялык таланты тууралуу Парижде, Лондондо жана Берлинде жазылган, Петербург аны сүйүнүп, сыймыктанып, угушкан, ал эми Александр III менен Николай II ага ыраазылык иретинде кымбат баалуу белектерди жөнөтүшкөн. Ал Борбордук Азиянын тарыхында мыйзамдуу башкаруучу катары таанылган, бардык мамлекеттик сыйлыктар менен расмий кабыл алууга татыктуу болгон биринчи аял болуп калды. Күйөөсү тектүү үй-бүлөдөн чыккан, билимдүү жана өз алдынча саясий карьера курууга жетишкен. Ал болжол менен 1800-жылы туулган. Кылымдын орто ченинде Кокон хандыгында (18-19-кылымдарда Орто Азиянын аймагында болгон мамлекет) увазир, б.а. жогорку даражадагы чиновник, административдик-аймактык бирдик, Анжиян анын карамагына өткөн. Бирок 1860-жылы орус жана кокон аскерлеринин ортосунда Узун-Агач согушу болуп, кокондуктар жеңилип калган. Согушка катышпаган Алымбекке чыккынчылык айыпталып, ага жооп иретинде көтөрүлүш чыгат. 1862-жылы ал өлтүрүлгөн. Жолдошу каза болгон жылы Курманжан 51 жашка эле. Ал тагдырга багынбай, аза күтпөй, бийликти колго алып, миңдеген атчан аскерлердин башчысы болду. Курманжандын мындай таасирге кантип жеткени али табышмак. Ал кезде беш уулдун төрөлүшү ардактуу, кадыр барктуу жетишкендик болгону менен,болгону аялдын милдети болчу. Анын үстүнө, жергиликтүү салт боюнча, эгерде аялдардын кимиси мамлекеттик иштерге кийлигишсе, ал адатта башкаруучунун энеси болгон. Анын үстүнө Курманжан биринчи эмес, экинчи аялы болгон. Ошондуктан, Алай ханышанын айрым биографтары Курманжан саясаттагы алгачкы кадамдарын тээ 1840-жылдары жасап, позициясын акырындап чыңдай баштаган деп айтышат. 29 жыл бою үй-бүлөө курганда, ал кландардын, чиновниктердин жана аскер кызматкерлеринин арасында өзүнүн аброюн куруп, пайдалуу байланыштарды түздү. Алымбектин баш кеңсеси жайгашкан Ош шаарынын тургундарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, өзүнүн таасирин андан ары жайылткан.

КАНЫКЕЙ КАЗИЕВА