Без рубрики

12 айда 463 баңги кылмышы аныкталган.

Бул тууралуу КРнын Ички иштер министрлиги билдирди. Ошондой эле, 11 баңги лабораториясы аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 598 килограмм 528 грамм баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган.

Анын ичинен апийим – 8 кг 813 гр, героин – 76 кг 930 гр, гашиш – 169 кг 600 гр, марихуана – 281 кг 486 гр, кара куурай – 7 кг 242 гр, прекурсорлор – 5 тонна 793 кг 581 гр, психотроптук заттар, – 230 кг 815 г жана башка дарылар – 30 кг 60 гр.

Жыл ичинде баңгичиликтин алдын алуу жаатында 200дөн ашык алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Уланбек Султанов баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрдүн ишинин жетишсиздигин, аларды жоюу үчүн мөөнөттөр белгиленгенин белгиледи.