Дүйнɵдɵ Спорт

Белгилүү бразилиялык футболчу Дани Алвес сексуалдык ыдык көрсөткөн деген айып менен кармалды

Белгилүү бразилиялык футболчу Дани Алвес сексуалдык ыдык көрсөткөн деген айып менен Испаниянын Барселона полициясы тарабынан кармалды. Бул тууралуу испаниялык Marca басылмасы жазып чыкты.

Булактын айтымында, Барселонадагы түнкү клубдардын биринде кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталган футболчу полициянын унаасы менен сотко жеткирилген. Бразилиялык оюнчунун келечегин калыс чечет. Буга чейин Алвес полиция бөлүмүндө көрсөтмө берген. Маалыматка ылайык, оюнчуну түрмөгө камоо мүмкүн эмес.

Аял Барселонада эс алып жүргөн 39 жаштагы спортчуну анын ич кийиминин астына колун салып койгон деп айыптаган. Болжолдуу окуя 30-декабрда болгон. 2-январда милицияга расмий түрдө арыз түшкөн. Футболчу жана анын айланасындагылар