Бишкек менен Эр-Рияд бир тууган шаарлар байланышын түзүүнү пландаштырууда.
Бул маселе Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов менен Эр-Рияд провинциясынын губернатору Фейсал бин Бандар Аль Сауддун жолугушуусунда көтөрүлдү.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки тараптуу туризм жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, өз ара жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүүгө, ошондой эле түз авиакаттамдарды ачууга өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле Бишкек жана Эр-Рияд шаарларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленип, бул эки шаардын достугун бекемдөөгө көмөктөшөт. Биз Бишкек шаарынын мэриясы менен Эр-Рияд шаарынын муниципалитетинин ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча макулдашуунун долбоорун илгерилетүү боюнча тыгыз макулдашылган ишти улантууну макулдаштык- деп айтылды жолугушуу учурунда.