Экономика

Чүйдө кыргыз-өзбек автозаводу ишке кирет. Кыргыз-өзбек унаа заводун быйыл ишке киргизүү пландалууда.

Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстан Чүй облусунун Ак-Суу айылына автозавод куруп, анда кичи автобустар, пикаптар, седандар жана башка 19 түрдөгү жеңил унааларды чыгарышат. Алдын ала Кыргызстандын «Нур» жана «ДТ Техник» ишканалары, ошондой эле «Узавтосаноат» мамлекеттик ишканасы автоунаа чыгаруучу катары иш алып барышат.

Ишкананын алгачкы өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 3000 унааны түзөт. Бара-бара өндүрүштүн көлөмү 30 миңге чейин көбөйөт.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын апрель айында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын башчыларынын кеңешинин жыйынында тараптар машина куруу тармагын өнүктүрүү жана автоунаа, айыл чарба жана тиркемелерди чогултуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну кароону макулдашкан.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын жеңил унаалары үчүн 30дан ашык кузов тетиктери Жалал-Абад шаарындагы «Нур» ААКтын заводунда чыгарылат.