Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Баткенде жабыркагандарга көрсөтүлгөн жардам тууралуу айтып берди.
Аталган башкармалыктын башчысы Кудайберген Базарбаев 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара жаңжалында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана каза болгондорго бир жолку материалдык жардам төлөнгөнүн эске салды.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, оор жаракат алгандарга 200 миң сомдон, жабыркагандарга 100 миң сомдон берилди.
Декабрдын аягына карата 62 жаранга бир жолку материалдык жардам төлөнгөн. Бул максаттарга министрлик тарабынан 17,8 миллион сом бөлүнгөн.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Баткен районунун социалдык муктаждыктарына 1 миллиард 700 миллион сомдон ашык, ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө – “Үй булого көмөк” жөлөкпулун алуучуларга жеке бизнесин ачуу үчүн 25 миллион сом “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында бөлүндү.