Маданият

Көркөм искусство музейинде “Курак энциклопедиясы” санарип көргөзмөсү ачылат.

Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору жана “Лидер” жарандык демилгелер борбору (Кыргызстан) тарабынан ишке ашырылып жаткан “ Digikonush санариптештирүү аркылуу, айыл жамааттары үчүн ачык келечекти куруу” долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу менен Коомдук «Курак» Аялдар Форуму Ассоциациясы, электрондук коммерция чеберчилигин күнүмдүк турмушта колдонуу потенциалын жогорулатуу үчүн долбоорду ишке ашырып, «Курак энциклопедиясы» санариптик көргөзмөсүн түздү.

Бул экспозиция «курак» искусствосунун байыркы доорлордон берки тарыхы жана анын азыркы мезгилде кандай актуалдуу боло ала тургандыгы жөнүндө баяндайт. Көргөзмөдө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин “курак” техникасындагы экспонаттары пайдаланылган, алардын айрымдары 100 жылдан ашык мурда жасалган. Мындан тышкары, азыркы авторлордун экспонаттары коюлган.

“Курак энциклопедиясы” – санариптештирүү искусство жана маданий мурастарды сактоо жаатында кантип колдонсо болорун көрсөткөн үч тилдеги чоң иш чара.