Окуялар

Kaktus.media жана 24.kg кеңселеринин кызматкерлери эвакуацияланды.

Kaktus.media сайтынын маалыматына ылайык, бүгүн, 20-январда саат 17:00дөр чамасында Kaktus.media редакциясынын кеңсеси эвакуациялана баштады.

Күч түзүмдөрүнүн өкүлүнүн айтымында, имарат (редакция жайгашкан алты кабаттуу бизнес борбору) толугу менен эвакуацияланат. Бомба тууралуу кабардан улам болушу мүмкүн.

Ушундай эле жагдай 24.kgнин редакциясы жайгашкан Red Center соода борборунда да орун алууда.