Коом

Каракол шаарында милиция кызматкерлери жана мектеп активисттери үй-жайсыз адамдар үчүн ысык чай уюштурушту

Бул күндөрү Ысык-Көл облусунун облустук борборунун тургундары ызгардуу суукту башынан кечирип жаткан маалы. Абанын температурасы күндүзү -12 градуска чейин жетип, туруктуу жайы жок көчөдө калгандарды үшүк алуудв. Буга байланыштуу Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекторлору жана мектеп активисттери милициянын көчмө кабылдамасы менен селсаяктар чогулуп, кайыр сураган жерлерди кыдырып,

“Камкордук” иш-чарасынын алкагында, үй-жайы жок адамдар үчүн нан жана таттуулар менен ысык чай уюштурушту.