Ушул жылдын 20-январында КРнын ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан кышкы от жагуу мезгилине карата турак-жайларда от жагуучу жана электр мештерин туура пайдаланууну үйрөтүү, эрежелерди так сактоо жана иске ууланууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошол эле иш-чара Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечиттерде да уюштурлуп, өрт коопсуздук эрежелери камтылган сунуш баракчалар таратылып, үгүт насаат иштери жүргүзүлдү.