Италиянын федералдык апелляциялык соту каржылык көз боёмочулуктан улам Италия чемпионатында Ювентустан 15 упай алып салуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Corriere dello Sport кабарлады. Туриндик клуб А Сериясынын турнирдик таблицасында 11-орунга түшүп кетти. Ага чейин “кары сеньора” турниринде үчүнчү сапта турган.
Прокурор буга чейин «Зебралардан» тогуз упай алып салууну суранган, бирок федералдык сот Массимилиано Аллегринин командасын 15 упайдан ажыратууну чечкен. Башка италиялык: Сампдория, Эмполи, Генуя, Парма, Пиза, Пескара жана Новара командалары да каржы кылмыштары үчүн айыпталган.