Кайсын Абакиров Фейсбукта «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүктүн ачык катын жарыялады. Катта Бөлтүрүк Кумтөрдү өнүктүрүүнүн дыкат ойлонулган жана прагматикалык стратегиясын иштеп чыгууга азыртадан киришпесе, анда 2025-жылы «Кумтөрдүн» калдык сактоочу жайлары толуп, 7 жылдан кийин кен ишканасы токтоп калууга аргасыз болорун белгилеген. Анын айтымында алтындын иш жүзүндө тастыкталган запастары түгөнөт. Бул жагдайлар өлкө жетекчилигинин аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени президенттин аракетинин аркасында Кумтөр Кыргызстандын элинин менчигине кайтарылган.
Ал ошондой эле учурда Кумтөрдө айрым адистер: геологдор, геотехниктер, жер астындагы тоо-кен инженерлери, долбоордук инженерлер жана менеджерлер боюнча олуттуу жетишсиздик бар деп ырастайт. Мурда бул кызматтарды чет элдик адистер, консультанттар ээлеп келсе, азыр бир гана Кумтөр боюнча эмес, улуттук кадрларды тез арада даярдашыбыз керек. Кумтөр чукул арада радикалдуу өзгөрүүлөргө, технологияны жаңылоого жана IT технологияларды киргизүүгө муктаж.
«Кумтөр» республикабыздын өнөр жайынын жана гүлдөшүнүн флагманы болуп калат деп чындап үмүттөнөм», – деп жыйынтыктайт Теңиз Бөлтүрүк.