Коом Маанилүү

Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруу пландалууда.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакынкы арада Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курула баштайт.

Курулуш иштерин ушул жылдын май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат.

Өлкө жетекчилиги Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн баарлык зарыл чараларды көрүп жатат – бул максаттар үчүн мамлекеттин жетиштүү күчтөрү жана каражаттары бар.