Экономика

Кыргызстандын эки жараны мыйзамсыз акча алмаштырганы үчүн айыпка тартылды.

Улуттук банктын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранына (К.А.К., Т.у.М.) 17 миң 500 сомдон айып салынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирди.