Ленин районунун акимчилиги тарабынан «Локомотив» спорттук-эс алуу комплексинде жалпы билим берүү уюмдарынын, жогорку класстарынын окуучулары үчүн муз тебүү уюштурулду.
Балдардын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Локомотив» спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин инструкторлору, Ленин райондук (ИИБ) балдар иштери боюнча инспекторлору, темир жол ооруканасынын медицина кызматкерлери, мугалимдер жана ата-энелер балдарды коштоп жүрүштү.
Борбор калаанын мэриясы «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине жана «Локомотив» спорттук-эс алуу комплексинин администрациясына балдардын эс алуусун уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.