Дүйнɵдɵ

Жамбыл облусунда эки акушер ымыркайды сатып жаткан жеринен кармалды.

Тараз шаарындагы көп тармактуу оорукананын кызматкерлери жаңы төрөлгөн наристе кызды 39 жаштагы жергиликтүү тургунга 1,5 миллион теңгеге сатып жиберишкен. Акушерлер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты боюнча “Жашы жете электерди сатуу” беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталды.

Ымыркай балдар үйүнө жөнөтүлдү.