Пара алуу фактысы менен Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын инспектору кармалды
Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен бюджеттик каражаттарды алуу фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында опузалоо жана пара алуу фактысы менен Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын инспектору С.О.Т. кармалып, анын бөгөт коюу чарасы катары сот органдары тарабынан камакка алуу түрү тандалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө, С.О.Т. Агенттиктин ишин пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө, башкы бухгалтер С.Н.К. тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысын таап, бирок кызматтык абалын опузалоо жолу жана кыянаттык менен пайдаланып, С. Н. К. дан 700 000 сом өлчөмүндө пара алгандыгы жана аудиттин актысында аныкталган эреже бузууларды чагылдырбагандыгы аныкталган.