Экономика

Ак-Талаада бала бакчанын имараты жана жер аянты мамлекетке кайтарылды

Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүдө, Нарын областына караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы “Алтын Муун-Наристе”  бала-бакчанын имараты айыл өкмөттүн карамагына алынбай, ээсиз мүлк катары тургандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук талап келтирилип, баасы 3 млн 740 миң сомду түзгөн, бала-бакчанын 463,76 чарчы метр имараты жана 0,26 га жер аянты Баетов айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылды.