Баткенде контрабандалык жол менен ташылып келинген 9 тоннадан ашык минералдык жер семирткичтерге бөгөт коюлду
«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Баткен шаарында, КР жараны «С.К.К.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz 412» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан.
Бажы текшерүүсүндө унаанын жүк бөлүгүнөн Өзбекстан Республикасынан өндүрүлгөн 77 кап өлчөмүндө минералдык жер семирткич карбамид табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 3850 кг, орточо базар баасы 184 800 сомду түзгөн. Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон.
Ушундай эле факты боюнча мыйзамсыз товар ташып келүү фактысы Баткен шаарында да КР жараны «И.У.А.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz 810 D» үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда аныкталган.
Бажылык текшерип кароодо жүк бөлүгүнөн 125 кап өлчөмүндө минералдык жер семирткич – аммиак селитрасы табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 6250 кг, орточо базар баасы 237500 сомду түзгөн.
Эки факты боюнча топтолгон материалдар КжБЭБКБнын бажылык текшерүү секторунда каралууда.