Окуялар

«Манас» бажысынын кызматкерлери “Марихуана” ташыган трансулуттар аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту

            «Манас» бажысынын кызматкерлери КР ИИМ БМЖККК жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык почта компаниясы аркылуу АКШдан «марихуана» баңги затын жеткирген туруктуу каналды түзгөн трансулуттар аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту жана жок кылышты.

            Табылган «марихуана» баңги затынын жалпы салмагы 2 кг 99 граммды түзгөн.

            Мындан тышкары, батирде тинтүү жүргүзүлүп, андан ары жашыруу үчүн баңги заттары жана маскировка каражаттары алынган.

            Натыйжада Telegram мессенджери аркылуу саткан, бул каналдын уюштуруучулары КР жарандары «И.А.» жана «А.А.» кармалган. 

            Учурда бул иш боюнча бардык материалдар ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары иш-аракеттери жатат.